Түркия Бишкектеги Ататүрк паркын реконструкциялайт

16-сентябрда Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаевдин Анкара шаарынын мэри Мансур Яваштын менен жолугушуусу өттү.

Жолугушууда тараптар Мансур Яваш баштаган Анкара мэриясынын делегациясынын июль айында Бишкекке болгон иш сапарынын жыйынтыгын талкуулашты. Элчи Руслан Казакбаев Бишкекте кол коюлган Жол картасын ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилеп, Ататүрк паркын реконструкциялоо долбоорлоруна, мэриялардын ортосунда тажрыйба алмашуу программасына жана “Бишкекнаабайкана” муниципалдык ишканасынын жабдууларын модернизациялоого өзгөчө көңүл бурду.

Мансур Яваш Ататүрк паркын реконструкциялоо долбоору буга чейин Анкара шаардык кеңешинен макулдук алганын айтып, кыргыз тарап менен кызматташууну жигердүү улантууга даяр экенин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар жетишилген макулдашуулардын алкагында жигердүү кызматташууну жана Бишкек шаарынын мэринин Анкарага иш сапарын уюштурууну макулдашты.