Түркия элчилиги Орхан Инанды өкүлчүлүктүн имаратында деген маалыматты четке какты

Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги Орхан Инандынын жубайы Рейхан Инандынын «жолдошум элчиликтин имаратында кармалып турат» деген билдирүүсүн четке какты. Бул тууралуу тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев парламенттик комитеттин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бир күн мурун Тышкы иштер министрлигинде Түркиянын Кыргызстандагы элчиси менен жолугушуу өткөрдү. «Элчи Орхан Инандынын жубайынын билдирүүсүн четке какты. Ал туура эмес маалымат”, — деди Айбек Артыкбаев депутаттарга.

1-июнга караган түнү «Сапат» билим берүү мекемесинин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инанды дайынсыз жоголгон. Ошол күндөн тарта ИИМ менен УКМК аны издеп жатат. 3-июнда Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Кыргыз жараны Орхан Инандыга байланыштуу кырдаал боюнча ыкчам кеңешме да өткөргөн. Азырынча бул иштерден майнап чыга элек. Ал эми 6-июнда Орхан Инандынын жубайы «Мага жеткен маалыматтар боюнча ал Кыргызстандагы Түркиянын элчилигинде кармалып турат экен» деген эле.