Түркия Кыргызстанга 150 миң доза «Sinovac» вакцинасын берет

Бүгүн, 7-сентябрда Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинде министр Алымкадыр Бейшеналиев менен Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Догандын жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Жолугушууда тараптар саламаттыкты сактоо тармагындагы эки тараптуу кызматташтыкты, мамлекеттик Кыргыз-Түрк достук ооруканасын башкаруу боюнча маселелерди талкуулашкан. Элчи Ахмет Садык Доган Түркия гранттык негизде Кыргызстанга коронавирус инфекциясына каршы 150 миң доза вакцина берерин билдирди.

«Түрк өкмөтү Кыргызстанга COVID-19 пандемиясына каршы күрөштө, ошондой эле биздин жарандарга медициналык жардамдын сапатын жакшыртуу үчүн материалдык-техникалык базаны чыңдоодо чоң колдоо көрсөтүүдө. Эң заманбап жабдуулар менен жабдылган мамлекеттик Кыргыз-Түрк достук ооруканасы иштей баштады. Ушунун аркасында көптөгөн жарандарыбыз чет өлкөгө чыкпай дарыланууга мүмкүнчүлүк алышат деп үмүттөнөбүз. Вакцинанын ар бир дозасы — бир адамдын өмүрүн сактап калат. Жарандарыбыздын ден соолугун коргоо үчүн боордош түрк элинин жардамы абдан маанилүү жана зарыл», — деди министр Алымкадыр Бейшеналиев.