Түркия Кыргызстанга 5000 ПЦР тест берди

Түркиянын Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанга коронавирусту аныктоочу 5000 даана ПЦР тесттин гуманитардык жардам катары берди. Бул тууралуу Кыргызстандын саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Түркияда иш сапарында жүргөн учурунда маалым кылды. Сапар учурунда министр Түркиянын саламаттык сактоо министринин орун басары Халил Элдемир жана түрк улуттук жыйынынын төрагасынын орун басары Желал Адан менен жолугушту.

Алымкадыр Бейшеналиев Түркия бийлигине былтыр коронавирус менен күрөшүүдө берген жардамы үчүн ыраазычылык билдирди. Мындан тышкары, Бишкектеги кыргыз-түрк ооруканасын толук ишке киргизүү үчүн эки тараптуу келишимди эртерээк ратификациялоо зарылчылыгы айтылды.