Түркия Кыргызстанга аскердик техникаларды берди (сүрөт)

Бүгүн, 18-февралда Түркиянын Улуттук Коргоо министрлигинен Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнө аскердик-техникалык мүлктү тапшырып берүү салтанаттуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.

«Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин биринчи орун басары полковник Таалайбек Усубалиев, Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган, Улуттук гвардиянын командачылыгы жана өздүк курамы катышты. Аземдин жүрүшүндө Усубалиев Түркиянын дипломатиялык миссиясынын башчысына Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнө материалдык-техникалык жардам көрсөткөндүгү жана Түркиянын аскердик окуу жайларында кыргыз аскер кадрларын даярдоого көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, ошондой эле кыргыз тарап мындан ары кызматташуунун учурдагы жана келечектүү багыттары боюнча эки тараптуу байланыштарды кеңейтүүгө даяр экендигин белгиледи», — деп айтылат маалыматта.