Түркия Манастын жана Жусуп Абдрахмановдун эстеликтерин орнотууну каалайт

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Анкара провинциясынын Этимесгут муниципалитетинин мэри Энвер Демирелдин чакыруусу менен «Түрктөрдүн тарыхы» парк-музейинин курулушу менен таанышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

«Таанышуу учурунда Этимесгут шаарынын мэри Демирел Өмүралиевдин Манастын жана Жусуп Абдрахмановдун эстеликтерин түрк мамлекеттеринин негиздөөчүлөрүнө арналган аянтта Кыргыз Республикасынын түптөлүшүнө чоң салым кошкон инсан катары орнотуу сунушун колдоду»,- деп билдирет министрлик.

Тарыхый парктын жана музейдин расмий ачылышы 29-августта болот. Тарыхый сейил бактан Чыңгыз Айтматов баш болгон түрк тектүү белгилүү адамдардын айкелдерин, ошондой эле сейил бактын кире беришиндеги кыргыз боз үйүн көрүүгө болот.