Түркия үчүн 12 миллион сом эмес, 5 миллион сомдой чогулду. Министрлик катаны кантип түшүндүрдү?

Финансы министрлиги буга чейин маалымат таратып, Түркиянын жарандары үчүн ачылган атайын эсепке 12 миллион 350 миң сом чогулганын билдирген. Бүгүн, 13-февралда чогулган каражат 12 миллиондон ашык сом эмес, 4 миллиондон ашык сом экени маалым болду.

Бул боюнча СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги аталган министрликке кайрылганыбызда мындай түшүндүрмө беришти. «Жер титирөөдөн жабыркаган Түркия Республикасынын жарандары үчүн ачылган атайын эсепке акча түшкөндө 12 миллион 350 миң сом чогулганын кабарлаганбыз. Чынында бизге валюта (сом, рубль) белгиленбей, таблица түрүндө отчет берилген. Ушуга байланыштуу кечирим сурайбыз. Жаңы такталган маалымат боюнча, 13-февраль саат 10:00дө жер титирөөдөн жабыркаган Түркия Республикасынын жарандары үчүн ачылган атайын эсепке 4 миллион 958 миң 834 сом жана 12 миң 550 рубль чогулду», — деп айтылат маалыматта.