Түркияда 3 кызы менен көчөдө калган келин Кыргызстанга келбей турганын айтты

Жолдошу тарабынан ырайымсыз мамилеге кабылып, көчөдө калган 1993-жылы туулган кыргызстандык келин менен Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу телефон аркылуу байланышты. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, келин учурда эч кандай көйгөйү жок экенин билдирген. Ошону менен бирге ал балдары менен Кепез шаарында батирди ижарага алып, жашап жаткандыгын жана андан ары Түркияда туруусун мыйзамдаштырып, ошол жакта калууну көздөп жатканын айткан.

«Жолдошуна карата Кепез шаардык үй-бүлө маселелери боюнча Башкармалыгынын буйругу чыккан. Ага ылайык, жолдошуна келин менен байланышууга бир айлык мөөнөткө соттук тыюу салынган. Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу аталган жаранга Түркияда жашап турууга уруксат алуу маселеси жана өлкөдө жүрүүсүн мыйзамдаштыруу боюнча консультация берилди», — деп айтылат маалыматта.

Кечээ, 16-февралда Түрк ЖМКларына маалымат чыгып, анда 28 жаштагы Айнура Рыскелдиеваны күйөөсү үч баласы менен көчөгө кууп чыкканы маалымдалган.