Түркияда эки Кыргыз жараны адам органын сатууга шектелип кармалды

Түркиянын басылмалары Стамбул шаарында жайгашкан менчик ооруканалардын биринде эки Кыргыз жараны кармалганын жазып чыгышты. Маалыматка ылайык, алар өзүлөрүн жасалма документ аркылуу таяке-жээн катары көрсөтүп, бөйрөк алмаштырыш үчүн Түркияга барган. Бул өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги эки Кыргыз жаранынын бири-бирине тууганчылыгы жок экенин аныктап, полиция тергөө жүргүзө баштаганы, донор адам бөйрөгүн сатканы жатканы далилденгени айтылды.

«Орган сатуу» операциясынын алкагында Стамбул шаарында жалпысынан 18 чет өлкөлүк кармалып, алардын бешөө камакка алынды. Дагы бешөө эч жакка чыгып кетпөө тил катын жазып беришкен. Калган сегизи коё берилген. 18 адамдын арасында Кыргыз жарандарынан тышкары Нигерия, Уганда, Грузия, Орусия, Украина, Түркмөнстандын жарандары бар.