Түркияда жолдошу тарабынан токмоктолгон келин Кыргызстанга келди

Түркияда жолдошу тарабынан токмоктолгон келин баласы менен кошо Кыргызстанга келди. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

Буга чейин Түркияда кыргызстандык келин жолдошу тарабынан сабалып, ооруканага түшкөнүн жергиликтүү ЖМКлар жазган. Маалыматтарга караганда, келинге жолдошу бычак менен кол салган.

«21-январда Анталия шаарындагы Башкы консулдугуна Кыргыз жараны Түркиянын жараны болгон күйөөсү тарабынан ур-токмокко алынгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Башкы консулдуктун ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө жана Түркиянын укук коргоо органдары менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында, ошол эле күнү күйөөсүнүн ата-энесиникинде болгон бала апасына өткөрүп берилген. Жолдошу полиция тарабынан кармалып, кылмыш ишин козгоо боюнча иштер жүрүп жатат. Тышкы иштер министрлиги бул маселени көзөмөлгө алууда», дешкен министрликтен.