Түркияда кармалган кыргызстандык мугалим менен адвокат жолугуп чыккан

Түркияда кармалган кыргызстандык мугалим Азамат Нурмат уулу менен адвокаты жолугуп чыкты. Бул тууралуу мугалимдин жубайы Ирзван Пахридин кызы билдирип, 12-майда Азамат Нурмат уулуна үй-бүлөсү менен телефондон сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт деген маалымат бар экенин айтты. Бул тууралуу «Азаттык» жазды.

28-апрелде Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев Азамат Нурмат уулу Фетхулла Гүлендин тарапташтары колдонгон мобилдик тиркемени колдонгон үчүн кармалганын билдирген.