Түркияда кармалган кыргызстандык мугалим үй камагына чыкты

Түркиянын аймагында кармалган Кыргыз жараны үй камагына чыкты. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

Газиантеп провинциясынын сотунун 9-майдагы чечимине ылайык, ал тергөө абагынан бошотулуп, үй камагына чыгарылган.

Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу анын жактоочусу менен биргеликте жарандын мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоодо ар тараптуу жардам көрсөтүүнү улантууда.