Түркияда кармалган мугалим Кыргызстанга келди

Түркияда кармалган Азамат Нурмат уулу Кыргызстанга кайтарылды.

Кыргызстандык мугалим Азамат Нурмат уулу Түркиядан мекенине кайтып келгени, үй-бүлөсү менен учурашкан видео Азаттыкка чыкты. 

Маалыматтарга караганда, 11-декабрда Кыргызстандын Стамбулдагы консулдугунун кийлигишүүсү жана эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында ага өлкөдөн чыгып кетүүгө уруксат берилген.