Түркияда кулаган тик учак. Каза болгон 2 кыргызстандыктын үй-бүлөсүнө кенемте төлөндү

Өткөн жылдын 16-сентябрында Түркиянын Мендерес аймагында (Измирге жакын жергесинде) токой өртүн өчүрүүгө катышкан тик учак Тахтали дамбасына кулап түшкөн. Түркиянын Айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча, тик учакта 4 адам болгон. Алардын үчөө Кыргыз жарандары болгон. Бирөөсү ооруканага жеткирилип, экөө каза болгону аныкталган. 20-сентябрда ТИМ маалымат таратып, Түркияда тик учак кырсыгынан каза болгон эки Кыргыз жаранынын сөөгү Кыргызстанга жеткирилип, туугандарына өткөрүп берилгенин билдирген.

Бүгүн, 21-августта Эмгек министрлиги маалымат таратып, Түркиядагы өрттү өчүрүүдө каза болгон учкучтардын үй-бүлөлөрүнө 10,1 миллион сом төлөнгөнүн билдиришти.

«Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө кызматы Ми-8МТВ-1 тик учагынын кыйрашы боюнча иликтөөнү аяктады. Измирге жакын Мендерес районунда «Транс Караван Кейджи» ЖЧКсынын кыргызстандык жумушчулары өрттү өчүрүүгө катышып, кырсыкка кабылган. Үч Кыргыз жаранынын экөө каза болду. Өндүрүштөгү кырсыкка байланыштуу жүргүзүлгөн иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча каза болгон эки адамдын үй-бүлөсүнө ар бирине 5 102 246 сомдон бир жолку жөлөкпул түрүндө компенсация төлөнүп берилди. Келтирилген зыяндын ордун толтуруунун жалпы суммасы 10 миллион сомдон ашты», — деп айтылат маалыматта.