Түркияда куткаруучуларга манты тараткан кыргыз келин: «Куткаруучуларга 2 сутка тамак жасап бердик»

SUPERTV’нын бул жолку каарманы Түркиядагы жер титирөөдө куткаруучуларга манты жасап барып кыргыз-казак интернет колдонуучуларынын мактоосуна арзыган кыргызстандык келин Райхан Мудинова. Түркиянын Газиантеп шаарында жашаган ал кантип куткаруучуларга тамак жасап калганын, Түркиядагы мекендештердин абалы, өлкөдөгү азыркы кырдаал тууралуу сүйлөп берди.

«Жер титирөөнүн эртеси байланыш жок болуп жатты. Жакындарыма кат жазып койдум. Апама айткан эмесмин. Казак куткаруучуларына манты жасап баргандагы видео тарап кетти. Ошол жактан билип калышты. Кетип бара жатып эле Казакстандын желегин көрүп калдым. Негизи бул жердин тамагына көнүш өтө кыйын. Татымалдары көп болот. Өзүбүздүн тамакты жасап берели деген ой болду. Анан Кахраманмарашта кыргыз куткаруучулары бар деп бардык. 2 сутка аларга тамак жасап бердим. Кыргыздын тамагын жесин дедик. Алардын өзүлөрүнүн тамагы менен келерин билбептирмин», — деди ал.