Түркияда куткаруучуларга манты тараткан кыргыз келин: «Ушул жерде өлөт окшойм деп ойлодум»

SUPERTV’нын бул жолку каарманы Түркиядагы жер титирөөдө куткаруучуларга манты жасап барып кыргыз-казак интернет колдонуучуларынын мактоосуна арзыган кыргызстандык келин Райхан Мудинова. Түркиянын Газиантеп шаарында жашаган ал кантип куткаруучуларга тамак жасап калганын, Түркиядагы мекендештердин абалы, өлкөдөгү азыркы кырдаал тууралуу сүйлөп берди.

«Мен Баткен облусунун Лейлек районундагы Интернационал айылынан болом. Түркияга келгениме 1,5 жыл болду. Эл катары иштеп, эл-жер көрүп келейин деп келгем. Апам бар, атам каза болуп калган. 2 байкем, 2 иним бар. Кызым кайненем менен», — деди ал.

Ал жер силкинген күндү эстеди. «Мен уктап жаткам. Таңкы саат 4төн 17 мүнөт өткөндө башталды. Түркияда өлөт окшойм деп ойлодум. Анткени биз турган жер селкинчектей болуп силкинип жатты. Карасам дубалдар жарылып баштаптыр. Кичине басаңдаганда кийинип эшикке чыктым», — деди ал.