Түркияда кыргызстандык келин төрөт учурунда көз жумду

6-декабрда Измир шаарында кыргызстандык келин төрөт учурунда каза болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугунан билдиришти.

«Азыркы учурда Башкы консулдук каза болгон кыргыз жаранынын өмүрлүк жолдошу, түрк жараны менен биргеликте маркумдун сөөгүн Кыргызстанга жиберүү боюнча иштерди алып барууда. Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу бул маселени кылдаттык менен көзөмөлүнө алды»,- деп айтылат маалыматта.