Түркияда мурдагы жолдошу тарабынан сабалган кыргыз келини боюнча ТИМ үн катты

Социалдык тармактарда эжесинин Түркиянын түрмөсүндө жатканын айткан кыздын видеосу тараган. Анын айтымында, эжеси Түркияга турмушка чыгып, уулдуу болгон. Андан кийин күйөөсү тарабынан зомбулукка кабылып, 23-сентябрда ал түрмөгө түшкөн. Окуя боюнча ТИМден үн катышты.

«Кыргызстандын Анталья шаарындагы Башкы консулдугунун маалыматы боюнча, 2022-жылдын декабрында Кыргыз жараны менен Түркиянын жаранынын ортосунда ажырашуу процесси болуп өткөн. Соттун чечими негизинде төрөлгөн бала энесинин кароосунда калган.

Ушул жылдын май айынын аягында Башкы консулдук тарабынан келиндин маселелерин чечүү үчүн адвокат менен жолугушуусу уюштурулган. Ошондой эле келинге баласы менен (Түркиянын жараны) Кыргызстанга баруу маселеси боюнча керектүү консультациялар көрсөтүлгөн. Келин маалымдагандай, Түркиянын сот органы тарабынан алимент төлөө маселеси каралып жаткандыктан, ал сот процесси аяктаганга чейин Түркияда калууну көздөгөн.

21-сентябрда келин эжесинин коштоосунда Башкы консулдукка кайрылган. Жогоруда аталган жарандын маселелерин чечүүгө көмөк көрсөтүү үчүн Башкы консулдук тарабынан үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан аялдарды колдоо Фонду менен келинге зарыл жардам көрсөтүү боюнча макулдашууга жетишилген. Бирок келин белгисиз себептерден улам жардам алуу үчүн аталган Фондго кайрылган эмес.

Кыргыз Республикасынын Анталья шаарындагы Башкы консулдугу консулдук-укуктук жардам көрсөтүү боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүп, маселени көзөмөлдөйт», — дешти.