Түркияда учурда дайынсыз жоголгон Кыргыз жарандары жок

Бүгүн, 12-февраль саат 09:00гө карата жер титирөөгө байланыштуу Түркиядагы кырдаал боюнча маалыматты аталган өлкөдөгү элчиликтен билдиришти.
1. Элчиликтин жана Башкы консулдуктардын кызматкерлери жабыркаган аймактарда ишин улантууда. Акыркы 6 күндүн ичинде 70тен ашык Кыргыз жараны Анкара, Анталия, Алания шаарларындагы коопсуз аймактарга, ошондой эле Астана жана Ташкент шаарлары аркылуу Кыргызстанга эвакуацияланды.
2. Жабыркаган аймактардан жарандарды эвакуациялоо иштери уланууда. Мындан тышкары, кырсык болгон аймактардагы Кыргыз жарандарына азык-түлүк, жылуу кийим-кече жана жууркан-төшөк сыяктуу жардамдар көрсөтүлүүдө.
3. Учурда дайынсыз жоголгон Кыргыз жарандары жок. Түркиядагы Кыргызстандын чет өлкөлүк мекемелерине кайрылуулар түшкөн Кыргызстандын бардык жарандары менен байланыш түзүлдү.
4. Кыргызстандын Түркиядагы чет өлкөлүк мекемелеринде түзүлгөн күнү-түнү иштеген ыкчам штаб өз ишин улантууда. Акыркы бир нече күндүн ичинде 1600гө жакын чалуулар жана билдирүүлөр иштелип чыкты.
5. Дипломаттар кырсык болгон аймакта Кыргызстандан Түркияга жөнөтүлгөн гуманитардык жардамды жана боз үйлөрдү кабыл алууну уюштурууга даярдык көрүү боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүүдө. Учактын бүгүн Газиантеп шаарына келиши күтүлүүдө. Жеринде Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев жүрөт.
6. Анкара, Стамбул, Анталия, Алания жана Түркиянын башка шаарларынан Кыргызстандын диаспораларынын өкүлдөрү активдүү колдоо жана жардам көрсөтүүдө. Ван, Анкара жана Стамбулдагы этникалык кыргыздардан турган ыктыярчылар топтору түзүлүп, жабыркаган аймактарга Кыргызстандан жөнөтүлгөн боз үйлөрдү тигүү үчүн жөнөтүлдү.