Түркияда ыктыярчы болуп жүргөн кыргыз кызы: «Биз абышка менен кемпирди аман алып чыгууга жардамдаштык»

Түркиянын бир нече шаарында жер титирөө катталган. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине ыктыярчылык менен алектенип жүргөн кыргыз кызы Хатайдын борбору болгон Антакья шаарында күбө болгон окуяны айтып берди.

«Анталиядан 15 кишилик унааны алып, ыктыярчылар топтолуп, Хатайдын Антакья деген шаарына бардык. Ал жер провинциянын борбору катары эсептелет. Жолдон гумжардамдарды топтоп ала бардык. Бул жакта кырдаал абдан жаман, бир да сакталып калган имарат көрбөйсүң. Биз барган жерде абышка жана кемпирди куткарууга жардамдаштык. Куткаруу иштери түнкү 12де башталды. 02:45те аялын, таңкы 6да абышканы алып чыгарышты. Жолдошу жашап жатат, бирок баспай калды. Белден ылдый иштебей калган экен. Аялы тирүү.

Жашоочулардын көбү унаада баш калкалап жатышат. Кээ бирлери жардамга келген унаа, автобус менен башка шаарларга кетип жатышат. Колуна жазуу кармап, «ысык тамак, бекер үй» деп жолдо тургандарды көрдүк. Мейманканалар эшигин ачышып, «келип жашасын» деп жатышат. Ошондой эле талаада от жагып, жашап жаткандар да бар»,— деди ал.