Түркиядагы жер титирөөдөн бир Кыргыз жараны жабыркады

Түркиядагы жер титирөөдөн Адана шаарында бир Кыргыз жараны жабыркады. 1984-жылы туулган аял кишиге керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп, ал ооруканадан чыгарылган. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен маалымдашты.

Бүгүн, 7-февраль саат 10:00гө карата (Бишкек убактысы боюнча) алдын ала маалыматка ылайык, каза болгондордун арасында Кыргыз жарандары жок.

Анталья шаарындагы консулдуктун кызматкерлери Адана шаарына барып, 10 Кыргыз жаранына азык-түлүк, суу, жылуу кийим жана төшөнчү жеткирип беришти. Ошондой эле, алар коопсуз жерге жайгаштырып, ысык тамак менен камсыздалды.