Түркиядагы жер титирөөдөн кийин 300 миң турак үй курулат

21-февралда Түркияда жер титирөөдөн каза болгондордун саны 41 миң 156 адамга жетип, 110 миңдей адам жарадар болду. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Разакбаев билдирди.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жалпы турак-жай башкармалыгы март айында 11 облуста туруктуу турак жайларды куруп баштаарын айтты. Жалпысынан 300 миң турак жай курулат:
• Хатайда 40 126
• Кахраманмарашта 45 067
• Адыяманда 25 882
• Газиантепте 18 544
• Малатьяда 44 770
• Османиеде 9 550
• Диярбакырда 6 000
• Шанлыурфада 3 000
• Элязыгда 3750
• Аданада 2500
• Килисте 250