Түркиядагы Кыргыз жарандары референдумга катышууга уруксат алды

Түркиядагы Кыргыз жарандары референдумга катышууга уруксат алышты. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кыргыз жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашыруу максатында Түркиянын тиешелүү мекемелеринен 11-апрелде өтө турган референдумга катышуусу үчүн сыртка чыгууга уруксат алынды. «Бул уруксат Кыргызстандын Түркиядагы элчилигиндеги Анкара шаарынын №9036 УШКнын шайлоочулар тизмесинде катталган жарандар үчүн жарактуу. Референдум 11-апрелде саат 08:00дөн 20:00гө чейин Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинде өткөрүлөт. Шайлоого катышуу үчүн ички паспорт (ID-карта) же жалпы жарандык паспорту (загранпаспорт) болушу керек», — деп жазылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, коронавирус пандемиясындагы чектөөлөрдөн улам Түркияда дем алыш күндөрү коменданттык саат киргизилген. Ошондой эле кечки саат 21:00дөн таңкы саат 05:00гө чейин өлкө боюнча көчөгө чыгууга тыюу салынган.