Түркиядагы нааразычылык акцияларына байланыштуу ТИМ кайрылуу жасады

Түркияда болуп жаткан нааразычылык акцияларына байланыштуу Тышкы иштер министрлиги учурда Түркия аймагында жүргөн жарандарыбызды өзгөчө этият болууга жана адамдар көп чогулган жерлерден алыс болууга чакырды.

«Коопсуздукту камсыз кылуу максатында, жергиликтүү бийлик органдарынын көрсөтмөлөрүн так сактоону жана эч кандай массалык иш-чараларга катышпоону өтүнөбүз»,- деп айтылат маалыматта.

Өзгөчө кырдаал жаралган учурда, төмөнкү байланыш номурлары аркылуу Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө токтоосуз кайрылууну суранабыз: