Түркияга Кыргызстандан дагы 100 куткаруучу барары маалымдалды

Түркияга Кыргызстандан дагы 100 куткаруучу барат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги президенттин жана Министрлер кабинетинин өкүлү Алмасбек Абытов билдирди.

Анын айтымында, алар 12-февралда атайын борт менен учуп кетишет.

Буга чейин Кыргызстан Түркияга 63 куткаруучусун жөнөткөн.