Түркияга таандык учак эмне максатта учуп кайра конгону маалым болду

«Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы каттоо номери Түркияга таандык учак эмне максатта учуп кайра конгону боюнча маалымат берди.

“Бул учак кечээ Түркиядан учуп кетти деген маалымат чындыкка дал келбейт. Учак 2021-жылы 1-апрелде Түркиядан «Манас» эл аралык аэропортуна учкан жана ошондон бери Кыргызстандан чыккан эмес. Бишкек убактысы менен саат 14:30да «Манас» аба майданынан Кыргызстандын аймагында учуп кайра конгон.  Учактын учуусу экипаждын сынак тапшырып жаткандыгына байланыштүү», — деп билдирди «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматынын өкүлү.