Түркиялык фонд тарабынан Бишкекте мектеп ачылат

Билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Алмазбек Бейшеналиев Борбордук Азиядагы «Маариф» фондунун директору Хүснү Биржан менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.

Жолугушууда эки тарап түрк фондунун алгачкы мектебин Бишкек шаарына ачуу планын талкуулашкан.

«Мамлекеттик стандартка ылайык, окутуу кыргыз тилинде да жүргүзүлөт. Окуучулар үчүн да, мугалимдер үчүн да бардык шарттар түзүлөт. Макулдашуунун шарты боюнча мугалимдердин басымдуу бөлүгү Кыргыз жарандары болмокчу», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле жолугушуунун аягында министрдин милдетин аткаруучу фонддун ишине ийгилик каалап, ар тараптан колдоо көрсөтүүгө даяр экенин айткан.