Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 4-ноябрда Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди.
Эл аралык «Манас» аэропортунда Түркиянын лидерин президент Садыр Жапаров тосуп алды.
Флагштокторго эки өлкөнүн желектери илинип, килем төшөлдү, улуттук боз үй түрүндө инсталляция орнотулуп, Ардак кароол тизилди. Улуттук кийимчен кыздар Режеп Тайып Эрдоган менен саламдашып, ага гүл жана боорсок менен бал сунушту.
Мамлекет башчылары жана алардын жубайлары кыргыз жана түрк музыкалык чыгармаларын аткарган кыргыз артисттеринин концерттик программасын көрүштү.
Мамлекеттик сапардын алкагында эки өлкөнүн президенттеринин чакан курамдагы сүйлөшүүлөрүн, ошондой эле эки мамлекет башчыларынын төрагалыгы алдында Стратегиялык кызматташтык боюнча Жогорку Кеңешинин алтынчы жыйынын өткөрүү пландаштырылган, анын жүрүшүндө тараптар кыргыз-түрк өз ара аракеттенүү маселелеринин кеңири спектрин талкуулашат.