Түркиянын соту Орхан Инандыны камакка алуу чечимин чыгарды

Түркия соту Орхан Инандыны камакка алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу Түркиянын NTV телеканалы жазып чыкты. Соттун жүрүшүндө Орхан Инанды суракка алынгандыгы маалымдалды. «Ал оппозициялык ислам дааватчысы Фетхуллах Гүлендин (ФЕТӨ) Борбор Азиядагы уюмунун лидери болгонун мойнуна алды», — деп билдиришти каналдан.

1-июнга караган түнү «Сапат» билим берүү мекемесинин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инанды дайынсыз жоголгон. 3-июнда Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Кыргыз жараны Орхан Инандыга байланыштуу кырдаал боюнча ыкчам кеңешме да өткөргөн. Жоголгон күндөн тарта ИИМ менен УКМК аны издеп жана ал иштерден эч кандай жыйынтык майнап чыкпай жаткан. 5-июлда Түркиянын президенти Эрдоган Орхан Инандынын кармалып, Түркияга жеткирилгенин жар салды.