Түркиянын тышкы иштер министри Кыргызстанга келди

Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан Кыргыз Республикасына расмий сапары менен келди. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

Жогорку конокту «Манас» эл аралык аэропортунан тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев жана Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев тосуп алды.

Сапардын алкагында ал тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, ошондой эле өлкө жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.