Түркиянын вице-президенти Кыргызстанга келди (видео)

Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз расмий сапар менен Кыргыз Республикасына келди. «Манас» эл аралык аэропортунда жогорку даражалуу конокту Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тосуп алды.

Аэропортто эки мамлекеттин туулары илинип, Ардактуу кароол ротасы тизилип, килем төшөлдү.

Сапардын алкагында Жевдет Йылмаздын президент Садыр Жапаров, Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен жолугушуулары пландаштырылган. Мындан тышкары, Адылбек Касымалиевдин жана Жевдет Йылмаздын төрагалыгы алдында соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 12-жыйыны, ошондой эле кыргыз-түрк бизнес-форуму өтөт. Эртең, 18-сентябрда Бишкек шаарында Түрк мамлекеттери уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын/вице-президентинин жолугушуусу болот.