Түркмөнстан жөнөткөн гумжардам Бишкекке жетти (видео)

Түркмөнстан гуманитардык жардам катары жөнөткөн 2 миң тонна суюлтулган газ Кыргызстанга жетти. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Темир жол аркылуу келген 58 вагон жүктү тосуп алуу иш-чарага энергетика министринин орун басары Атабек Абылгазиев катышып, Түркмөнстандын президентине ыраазычылыгын билдирди.