Түркмөнстандын президенти Бердымухамедов өз уулун вице-премьерликке дайындады

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов уулу Сердар Бердымухамедовду өлкөнүн вице-премьер-министри кылып дайындады. Буга чейин ал өнөр жай жана курулуш өндүрүшү министри болуп иштеген. Бул тууралуу кечээ, 11-февралда Orient маалымат агенттиги жазып чыкты.

Мындан ташкары президент уулу Сердарды мамлекеттик коопсуздук кеңешинин курамына киргизген.

Мамлекет башчысы Сердар Бердимухамедовду кызматка дайындагандан кийин, аны өнөр жай жана курулуш өндүрүшү министри кызматынан бошотту.

Жаңы вице-премьер-министр ошондой эле санариптештирүү жана инновациялык технологияларды мамлекеттик башкаруу тутумуна, каржы-экономикалык секторго жана социалдык чөйрөгө киргизүүгө жооптуу болот.

Жаңы кызматтын статусу жөнүндө президенттин жарлыгына ылайык, министрлер кабинетинде көзөмөлдөө департаменти түзүлөт.