ТүркПАнын башкы кеңсесине боз үй тигилди

Кечээ, 16-майда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) Баку шаарындагы башкы кеңсесине барды. Ал Жогорку Кеңеш тарабынан белек кылынып, башкы кеңсенин аймагына тигилген кыргыз боз үйүнүн ачылышына катышты.

Боордош мамлекеттердин парламенттеринин башын кошкон Ассамблеянын кеңсесине кыргыз боз үйүнүн тигилиши жакшы саамалык экенин белгилеген Нурланбек Шакиев: “Ак өргөбүз бабалардан калган баалуу мурасыбыз. Андыктан бул жерден кыргыздын кылым карыткан тарыхы менен тааныштырылып, келгендерге бай маданиятыбыз тууралуу маалыматтар берилет деген ишеничтемин”, – деди.

Андан соң төраганын катышуусунда дарактардын көчөттөрүн олтургузуу аземи өттү. Ошондой эле Нурланбек Шакиев башкы катчы Мехмет Сүрейя Эр менен баарлашып, ассамблеянын ишмердүүлүгү тууралуу кеңири маалымат алды.

ТүркПА 2008-жылдын 21-ноябрында Кыргыз Республикасынын, Азербайжан, Казакстан жана Түркиянын парламенттеринин төрагалары кол койгон келишимдин негизинде, Түркиянын Стамбул шаарында түзүлгөн. Ал эми 2009-жыл Ассамблеянын регламенти, катчылыгынын жобосу кабыл алынып, башкы кеңсеси Баку шаарына жайгаштырылган.