Түрлөп тамак жасаган таластык блогер интернетти «жарып» жатат (видео)

Учурда социалдык тармактарда Жакшылык Күмүшбеков фудблогер катары таанылып келе жатат. Ал өзүнө мүнөздүү болгон кызыктуу трюктарды көрсөтүп, аны менен катар даамдуу тамак жасап, рецеби менен бөлүштү.

Анын айтымында, ТикТокко аны кошуна балдар үйрөткөн. «Мотивация берген да ошолор болду. Мен ал кезде балдар менен машыгууга барып жүрчүмүн. Алар мен кетип бара жатсам эле, «бүгүн да бир видео тарта келиңиз» дешет. Көрүү көп болуп калса, чуркап келип, сүйүнчүлөп кетишет. Трюктарды бала кезден эле үйрөнүп келгем. 

Жалгыздык көп нерсени үйрөтөт экен. Жалгыз көп эле жыл жашадым. Кечке бир тамакты жасай берсең болбойт экен. Изденип отуруп, үйрөндүм», — деди ал.