Тышкы иштер министри Казакбаев Кытайдын ЖОЖдорунун филиалдарын Кыргызстанда ачууну сунуштады

Кечээ, 5-февралда тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Кытайдын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь менен жолугуп, билим берүү жана саламаттыкты сактоо жаатындагы маселелерди талкуулады.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, ведоство жетекчиси билим берүү жаатында кызматташууну кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуштады.

«Билим берүү жана саламаттыкты сактоо жаатында кызматташууну тереңдетүү маселелерин талкуулоодо Казакбаев билим берүү жаатында кызматташууну кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн, тактап айтканда, Кытайдын жогорку окуу жайларынын, кесиптик жана техникалык адистиктер боюнча квалификациялуу жумушчу кадрларды даярдоо боюнча филиалдарды, ошондой эле Кыргызстанда кытайлык салттуу медицинанын дарылоо борборлорун ачуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуш кылды»,- деп айтылат маалыматта.