Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Тажикстандын элчисин кабыл алды

Бүгүн, 31-майда тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Назирмад Ализоданы кабыл алды. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

«Жолугушуу тажик тараптын демилгеси менен уюштурулган. Маектешүүнүн жүрүшүндө кыргыз-тажик мамилелеринин актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу орун алды. Ошондой эле Кыргызстан менен Тажикстандын чектеш аймактарында тынчтыкты жана туруктуулукту сактоо үчүн зарыл болгон чараларды кабыл алуу маселесине өзгөчө басым жасалды. Андан тышкары эки мамлекеттин аймактарында Кыргызстан менен Тажикстандын жарандарынын мыйзамдуу жүрүүсүнө тиешелүү маселелер талкууланды», — деп айтылат маалыматта.