17-май күнү Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Тышкы иштер министрлиги Бишкек шаарындагы Курманжан Датканын эстелигинин алдындагы аллеяда дипломатиялык кайрымдуулук жарманкесин уюштурду. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.
Иш-чарага тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, Кыргызстанда аккредиттелген чет мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын он бештен ашуун дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчылары жана өкүлдөрү, ошондой эле Ардактуу консулдар клубунун мүчөлөрү катышты.
Жарманкеге келгендер ар түрдүү өлкөлөрдүн улуттук тамак-аштарынан даам татты. Ал эми кол өнөрчүлөр тарабынан жасалган өзгөчө буюмдар, оригиналдуу белектер жана маданияттык ар түрдүүлүктү чагылдырган башка өнүмдөр кыташуучулардын өзгөчө кызыгуусуна ээ болду.
Ошондой эле коноктор үчүн мазмундуу концерттик программа уюштурулуп, анда кыргыз эстрадасынын жылдыздары, чет элдик аткаруучулар жана балдардын чыгармачылык жамааттарынан чыккан жаш таланттар дүйнө элдеринин музыкалык жана бий номерлерин тартуулашты.