Тышкы иштер министрлиги Казакстандагы Кыргыз жарандарын эвакуациялоого киришти

Казакстанда акыркы кезде болуп жаткан окуяларга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги мекендештерге консулдук-укуктук жардам көрсөтүү ишинин алкагында Кыргыз жарандарын кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө пункттары аркылуу эвакуациялоо иштерин жүзөгө ашырууда. Бул тууралуу аталган министрликтен маалымдашты.

Министрликтин тапшырмасы боюнча Кыргыз Республикасынын Алматы шаарындагы башкы консулдугу тарабынан Кыргыз жарандарын Алматы шаарынан алып чыгуу үчүн автобус уюштурулуп, жарандарды эвакуациялоого кеткен чыгымдын баары төлөнүп, азыркы кезде жарандар “Ак-жол” көзөмөлдөөчү-өткөрмө пунктуна карай багыт алышууда, аталган жерден жарандарды министрликтин кызматкерлери тосуп алып, керектүү жардам көрсөтүшөт.

Казакстандын аймагындагы Кыргыз жарандары консулдук-укуктук жардам алуу боюнча бардык суроолору менен төмөндөгү номерлерге кайрыла алышат. Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаменти: +996 551 312 000 (ыкчам байланыш номери), Кыргызстандын Нур-Султан шаарындагы элчилиги: +7 (776) 124-88-33, +7 777 4733009; Кыргызстандын Алматы шаарындагы башкы консулдугу: +7 777 8150072 Кайрат Жакыпов, +7 777 0371448 Гүлзат Абдурасулова, +7 777 0275596 Жаркынай Сансызбаева, +7 775 4634295 Медер Сапаралиев.