Тышкы иштер министрлигинин кызматкеринин өлүмүнүн себеби эки-үч жуманын ичинде белгилүү болот

Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин директорунун орун басары Бахтияр Шакировдун өлүмүнүн себептери боюнча корутунду эки-үч жумада даяр болот. Бул тууралуу Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунун директорунун орун басары Эрнис Акунов билдирди.

Анын айтымында, азыр алдын ала жыйынтыктар деле жок. «Мунун бардыгы маркумга цефтриаксон дарысын венасына сайгандан кийин болду. Тергөө учурунда анын бул дарыны мурун алган-албагандыгын сураштырабыз. Бирок айрым маалыматтарга караганда, бул ага сайылган экинчи же үчүнчү ийне болгон. Ал эми сөөктү ачуу бир күн мурун болгон. Эксперттер денени толугу менен карап чыгышты, денесинде эмдөөдөн тактар ​​калбаптыр. Сыягы, анафилактикалык шок цефтриаксон дарысынын айынан болгон»,- деди Эрнис Акунов.

Белгилей кетсек, Шакиров 1-апрелге караган түнү Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна дарыларын көтөрүп барып, ийне сайдыргандан кийин көз жумган.

Саламаттык сактоо министринин мурдагы кеңешчиси Елена Баялинова социалдык тармактагы баракчасына маркумдун жакындарына шилтеме кылып ал COVID-19 илдетине каршы вакцина алганын жазган. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги бул маалыматты төгүндөп, маркумдун аты-жөнү эмдөөдөн өткөндөрдүн реестрине катталбаганын билдирген. Министрликте өлүмдүн чоо-жайын иликтөө үчүн комиссия түзүлдү.

Марум бойдок болгон.