Жагымдуу кабар! Оштон Ысык-Көлгө авиакаттам ачылды

Оштон Ысык-Көлгө авиакаттам ачылды. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунан маалымдашты.

“Ысык-Көл” эл аралык аэропорту 1-июлда Ош шаарынан биринчи каттамды кабыл алды. Биринчи авиакаттам менен Оштон 100 жүргүнчү учуп келсе, 96 жүргүнчү Ошко учуп кетти. «Тез Жет» авиакомпаниясы Ош-Тамчы-Ош багыты боюнча каттамдарды жумасына 6 жолу (дүйшөмбү, шейшемби, шаршемби, бейшемби, жума жана жекшемби күндөрү) аткарууну пландаштырууда. Авиакаттамдар сентябрга чейин аткарылат.