Түштүк Корея Кыргызстандыктарга виза бере баштады

Түштүк Корея Кыргызстандын жарандарына виза берүүнү жандантты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги өзүнүн расмий интернет сайтынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Бүгүн, 8-февралдан тарта Кыргызстан Кореяга убактылуу кирүүгө тыюу салынган өлкөлөрдүн тизмесинен чыгарылган.

Буга байланыштуу бүгүнтөн тарта Кыргызстандын жарандарына узак мөөнөттөгү (эмгек, студенттик, үй-бүлөлүк) визаларды каттоо жана берүү процесси башталды.