Түштүк Кореядагы тыгында калгандардын арасында Кыргыз жарандары жок

Сеул шаарынын Итэвон районунда 151 адам каза болуп, 82 адам жаракат алган өзгөчө кырдаалга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын элчилиги Йонгсан районунун полициясынын алдын ала маалыматы боюнча, курман болгондордун жана жабыр тарткан жарандардын арасында Кыргыз жарандары жок экендигин билдирди.

Ошол эле учурда, элчилик эл көп чогулган жерлерге баруудан алыс болууну сунуштайт.

30-октябрга караган түнү Сеулдун Итэвон районунда жайгашкан «Хемильтон» мейманканасынын жанында Хэллоуин майрамы белгиленип, анда массалык тыгын жаралган. Каза болгондордун 22си чет өлкөлүк экендиги аныкталды. Арасында Кытай, Иран, Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Австрия, АКШ, Франция, Вьетнам, Шри-Ланка, Австарлия, Норвегия, Таиланддын жарандары бар.