ТҮЗ ЭФИР: БШКнын алдында шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган митинг өттү

Бишкек шаардык кеңешине өтпөй калган партиялардын өкүлдөрү шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып митингге чыгышты.

Акциянын модератору президентке, башкы прокурорго жана БШК төрайымына тогуз партия кайрылуу жибере турганын айтты. Негизи талап — Бишкек шаардык кеңешине шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, кайра башынан өткөрүү.

Белгилей кетсек, Бишкек шаардык кеңешине 25 партия ат салышып, алты партия жеңишке жеткен.

Түз эфирди шилтеме аркылуу көрө аласыздар.