Камчы Көлбаев өлтүрүлдүбү? Окуя орун алган жерден видео

Бүгүн, 4-октябрда саат 15:30 чамасында Бишкектин Ибраимов менен Кулатов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан «Блондер паб» ресторанында кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кармоо операциясы жүрүп жатканы тууралуу маалыматтар чыкты. Аталган ресторандын кримтөбөлгө караштуу экени да айтылып келет. Соцтармакта кармоо операциясынын жүрүшүнөн ок атышуунун үндөрү угулган видеолор да тарады.

Кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кармоо операциясынын жүрүшүндө ошол жерге башкы прокурор Курманкул Зулушев менен саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин да барганы маалымдалды. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине министр Бейшеналиев «Тез жардам» кызматынын унааларын текшерүү үчүн барганын, тез эле кетип калганын айтты. Ал эми соцтармак колдонуучулары Көлбаевдин жаракат алганын жазып жаткан боюнча «менин маалыматым жок» деп жооп берди

Камчы Көлбаевди кармоо учурунда 2 адам каза болгонун «Спутник» жазды. Алар күч түзүмдөрүнүн кызматкерлериби же кылмыш тобунан экени айтыла элек. Бул аралыкта кримтөбөл Камчы Көлбаевдин өлтүрүлгөнүн «Кактус» сайты жарыялады. Бирок бул маалыматты анын адвокаты Сергей Манукян жалган деди. Бишкектеги өлүккананын аймагы милиция кызматкерлери тарабынан курчоого алынды.