Мария Айтматованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү

Бүгүн, 21-апрелде залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жубайы Мария Айтматованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты жазуучунун үй-музейинде өтүп жатат.

79 жаштагы Мария Айтматова кечээ, 20-апрелде коронавирустан көз жумду. Сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлат.