Түз эфир: Олимпиададан келген спортчулар «Ала-Тоо» аянтында эл менен жолугушат

Бүгүн, 7-августта Токиодогу Олимпиада оюндарына Кыргызстандын намысын коргоо үчүн кеткен спортчулар өлкөгө кайтып келишти. Аларды «Манас» аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча министри Кайрат Иманалиев, спортчулардын ата-энелери, туугандары, машыктыруучулары жана күйөрмандары тосуп алышты.

Алардын «Ала-Тоо» аянтына келиши күтүлүүдө. Спортчулар аянтта күйөрмандарына жолугушат. Кыргыздын сыймыктарын күтүп алуу үчүн аянтка жарандар чогулуп калышты.