«Убактылуу жабылып турат». Боом капчыгайында таштарды кулатуу иштери жүрүүдө

5-апрелден 9-апрелге чейин Боом капчыгайында таштарды атайылап түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу Кыргыз темир жолу мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 117-118-чакырымдарында жана темир жолдун 3885-3886-чакырымдарында кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Мындан улам жолдор саат 09:00дөн 15:00гө чейин жабык болот.

Мындан улам Кыргыз темир жолу ишканасы жарандарга автоунаа менен барчу жолду алдын ала пландаштырууну сунуштайт.