Июнь окуясы боюнча Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү суракка чакырылууда

Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Башкы прокуратурага суракка чакырылууда. Бул тууралуу журналисттерге Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшебаев билдирди. Анын айтымында, ал буга чейин Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгында күбө катары суракка алынган. Бирок ал тергөө амалдарын ачыкка чыгарбоо тил катына кол койгонун түшүндүрүп, иштин чоо-жайын ачыктаган жок. «Сурак 2010-жылдагы май жана июнь окуяларына байланыштуу болду», — деди ал. 

Кеңешбек Дүйшөбаевдин айтымында, “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен “Эл үнү” кыймылынын мүчөсү Бектур Асанов да суракка чакырылган. 

Убактылуу өкмөт 2010-жылдагы апрель окуясынан кийин түзүлгөн. Ага 14 адам кирген. Кеңешбек Дүйшөбаев Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын төрагасы, Өмүрбек Текебаев Убактылуу өкмөттүн башчысынын конституциялык реформа боюнча орун басары, Бектур Асанов Жалал-Абад облусунун губернатору болуп турган.