«Учак бузулуп». «AstraZeneca» вакцинасынын жеткирүү кийинкиге калтырылды

Кыргызстанга 226 миң доза «AstraZeneca» вакцинасын жеткирүү кийинкиге калтырылды. Бул тууралуу журналисттерге саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, учак бузулгандыгына байланыштуу каттам токтотулган. Вакцина бүгүн келиши керек болчу.

AstraZeneca — Оксфорд университинин вакцинасын изилдөөгө жалпы 11 636 адам катышып, анын эффективдүүлүгү 70,4 пайызды түзгөн. Бирок, тромбоздун өнүгүшү сыяктуу терс таасирлери жөнүндө көптөгөн жарыялар болгон. Бул жарыяларды жана маалыматтарды талдоонун натыйжалары боюнча, дарылоо жана алдын алуу боюнча клиникалык көрсөтмөлөр өзгөртүүлөр менен иштелип чыккан.